Бишкекте кампадан өрт чыгып, бир адам каза болду
Бишкек шаарында кампадан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.
Өрт Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан Бишкек эркин экономикалык аймагындагы кампадан чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн. Тилекке каршы өрт кырсыгынан 1 чет элдик жаран каза каза болгон.