Бишкекте күч түзүмдөрүнүн балдары үчүн бала бакча ачылды
Бишкек шаарында күч түзүмдөрүнүн балдары үчүн “Ак-кайың” балдар бакчасы салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана өздүк курам, ошондой эле ата-энелер катышты.
Аталган бала бакчанын мурдагы имараты 1975-жылы курулгандыктан эскилиги жеткен. Мындан улам мектепке чейинки билим берүү мекемеси толугу менен жаңыланып, 240 балага ылайыкталган эки кабаттуу имарат курулду. Курулуш иши 2024-жылдын октябрь айында башталып, 2025-жылдын май айында бүткөрүлгөн. Ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.
Салтанаттуу иш-чарада Ташиев кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн алардын үй-бүлөсүнө кам көрүү, шарт түзүп берүү жетекчиликтин башкы милдети экендигин белгиледи.
“Андыктан, күч түзүмдөрүнүн жоопкерчиликтүү жумушту аркалаган кызматкерлери үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, алардын балдары үчүн республиканын бардык аймактарында бала бакчалар курулуп, пайланууга берилип жатат”, – деди ал.
Мындан сырткары, ата-энелер тарабынан да, балдарга түзүлүп жаткан камкордук үчүн жетекчиликке ыраазычылыктар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК төрагасы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде түзүлгөн шарттар менен таанышып, бала бакчанын тарбиялануучуларына белектерин тапшырды.