Бишкекте имараттардын фасадын жаңылоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө.

Биринчи май районунун аймагында жумушчу топтун шаар тургундары жана ишкерлер менен бир нече жолугушуусу өттү.

Эми Манас көчөсү, 7 үйүнүн жаңы көрүнүшүнө суктансаңыз болот, Баят базарынын администрациясы (М.Ганди көчөсү, 212) четте калбай, кире бериш тобун гана жаңыртпастан, тегерек-четин иретке келтиришти.

Белгилей кетсек, учурда Чүй пр.130, Манас пр.9, Москва көчөсү 162, 165 даректериндеги имараттардын фасаддарын жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ленин районунун аймагында Манас проспектиси 30 дарегиндеги Токтогул көчөсү менен кесилишиндеги, Чүй проспектиси 186 дарегиндеги Жаш Гвардия бульвары менен кесилишиндеги имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери бүткөрүлдү.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Борбор калаанын мэриясы имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымы үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирет.

Связанный пост