Бишкекте эртең электр энергиясына болгон карызын төлөбөгөн 5800дөн ашык абонент өчүрүлөт

Бишкекте эртең, 26-февралда 5800дөн ашык абоненттин дебитордук карызына байланыштуу дистанциялык өчүрүү орун алат. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактар” ишканасы билдирди.
Белгиленгендей, ишкана ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн электр энергияга болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
Компаниянын сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү бар, анын жардамы менен компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттер каалаган убакта өздөрүнүн жеке кабинетинин абалын көрө алышат.
Мындан тышкары, турак-жай абоненттери өз балансын Play Market жана AppStore аркылуу орнотулган «Менин жарыгым» мобилдик тиркемеси аркылуу биле алышат.
Ошондой эле абоненттер 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 номурлары боюнча күнү-түнү иштеген Call-борборго кайрылса болот же 0556 001209 номуруна WhatsAppка билдирүү жөнөтсө болот.