Бишкекте энергияны сактоо тутуму бар алгачкы күн станциясы ишке кирди
Бишкекте Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосу менен күн генерациясын аккумулятордук энергия сактоо тутуму менен айкалыштырган алгачкы долбоор ишке кирди.
Долбоордун алкагында энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВтс болгон электр энергиясын сактоо тутуму, кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы, ошондой эле энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS) орнотулду. Долбоордун технологиялык чечимдери кореялык жабдууларды жана инженердик иштеп чыгууларды колдонуу менен жүзөгө ашырылды.
Тутум электр тармагына кошулган режимде (on-grid) жүктөмдөрдүн чокусун тегиздөөгө жана электр энергиясын керектөөнү оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле автономдук режимде (off-grid) иштеп, авариялык өчүрүүлөр учурунда объекттин электр менен камсыздалышын жана микротармактын үзгүлтүксүз иштешин камсыздай алат.
Экономика министрлиги белгилегендей, мындай пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн практикалык негизди калыптандырууга, заманбап энергетикалык чечимдерди киргизүүгө жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.