Бишкекте эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот

 Бишкекте эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот

Бишкектеги унаа токтотуучу жайларда төлөм жүргүзүүнүн заманбап, накталай эмес ыкмасы киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот.

Бул инновациялык кадам менен унаа токтотуучу жайлардагы кызматкерлерге накталай акча берүү токтотулат. Төлөнгөн каражаттар түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшүп, бул аркылуу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга шарт түзүлөт.

QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү тартиби

  • Унааны токтоткондон кийин телефонуңуздун камерасын алдыңыздагы QR-кодго багыттаңыз.
  • QR-кодду скандагандан кийин GDTI.KG сайтына өтөсүз.
  • Сайттагы тиешелүү бөлүмгө унааңыздын мамлекеттик номерин киргизиңиз.
  • Сунушталган банк карталарынын бирин тандап, 25 сом төлөп, төлөмдү аяктаңыз.

Төлөмдү унааңызды токтоткондон кийин же унаа токтотмо жайдан чыгып бара жатканда жүргүзсөңүз болот.

Айып пулдар жана жеңилдиктер

  • Эгер айдоочу унаасын токтоткондугу үчүн төлөм жүргүзбөсө, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.
  • Жекшемби күндөрү жана майрам күндөрү унаа токтотуу акысыз.

Учурда QR-код системасы төмөнкү көчөлөрдүн аралыктарында иштеп жатат:

  • Орозбеков көчөсү (Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин);
  • Турусбеков көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин);
  • Безымянная жана Тоголок Молдо көчөлөрү.

Жакынкы аралыкта накталай эмес төлөм толугу менен ишке киргизилип, борбордун дагы башка көчөлөрүнө этап-этабы менен жайылтылат.

Связанный пост