Бишкекте “Элдик курултай. Тарых сабактары жана келечек” илимий-практикалык конференциясы өттү

Бишкекте мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Элдик курултай. Тарых сабактары жана келечек” темасында республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын катышуучулары үчүн Элдик курултайга арналган видеоролик көрсөтүлдү. Андан кийин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп берди, анда коомчулук арасында Курултайдын маани-маңызы, аткарган кызматы тууралуу эмес, анын аталышы жөнүндө көптөгөн талаш-тартыштар жаралып жатканы жөнүндө айтылат.

“Ошонун тегерегинде гана сөздөр жүрүп жаткандыгына баарыбыз күбө болуп келе жатабыз. Курултай институту жөнүндө илимий изилдөөлөр да жокко эсе. Ушуга байланыштуу, Элдик Курултайдын катчылыгынын илимий конференция өткөрүү тууралуу демилгесин колдоого алдым. Мындан улам, бүгүнкү иш-чара бул багыттагы талаш-тартыш маселелердин такталышына, илимий иштердин башатына чоң таасирин тийгизет деп үмүт артып турам. Кыргыз эли Борбор Азиядагы байыркы элдердин жана көчмөн цивилизациянын түптөөчүлөрүнүн бири экендигин дүйнөлүк коомчулук моюндап келет. Баарыбызга белгилүү болгондой, көчмөндөр цивилизациясы аз убакытта эле жарала калган эмес. Ал ондогон кылымдын, миңдеген жылдын, эң негизгиси жүздөгөн муундун өмүрү менен шериктеш болуп, жашоо мыйзамы менен шай келип, ылайыкташып жаралган. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө жана оозеки элдик чыгармалардагы маалыматтарга ылайык топ, урук, уруулар өз ара мамилелерди, көйгөйлөрдү чечүү үчүн жыйын, чогулуштарды белгилүү жерлерде өткөрүп келишкен. Албетте, коомдун алмашуусу, эл аралык алакалардын күчөшү, маданий байланыштардын өнүгүшү менен элибиздин колдонгон тили кайсыл бир деңгээлде байып, кайсы бир деңгээлде айрым сөздөр колдонуудан чыгып калган. Натыйжада көптөгөн жаңы аталыштар кирип, айрым бир аталыштар замандын агымы менен кошо унутулуп калган. Ал эми айрымдары орток аталыштарга да ээ болгон. Өткөн кылымдын 20-жылдарында жазма адабиятыбызга кирген сөздөрдүн бири мына “курултай” сөзү. Бул сөздүн келип чыгышы же этимологиясы боюнча түрдүү ой-пикирлер айтылып да, жазылып да келет. Ошондой болсо да ушул убакка чейин Курултай институту тууралуу илимий эмгектердин жазылбаганы жана диссертациялык иштердин жакталбаганы өтө өкүндүрөт”, – депа йтылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Анда тарых барактары тастыктаган бир мисал да келтирилген: 1922-жылы 4-июнда “Тоолуу Кыргыз автоном облусун” түзүү үчүн чакырылган жыйынды Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов баштаган кыргыз интелигенциясы “курултай” деп атоону сунуштаган.

Ал эми тээ 1240-жылы Өгөдей хандын бийлигинин учурунда жазылган монголдордун эң байыркы адабий эстелиги катары белгилүү болгон “Ыйык дастанда” (Сокровенное сказание) Яке Курилта (Yeke Qurilta) же Улуу курултай тууралуу эскерилген жери бар. Тарыхый фактылар тастыктагандай, 1269-жылы Талас суусунун өзөнүндө Жуучу, Өгөдей жана Чагайтай улустарынын чоң жыйыны өткөндүгү да белгилүү. Ага чейин 1205-жылдан 1227-жылга чейин Чыңгыз хан да көптөгөн курултайларды өткөргөн.

Садыр Жапаровдун кайрылуусунда белгиленгендей, азыркы Кыргызстанды түптөгөн аталарыбыз мына ошол тарыхый окуялардан улам, жыйынды ошондой атоого макулдашкан өңдөнөт.

“Бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айрым илимий изилдөөлөр илимий негизде же илимий мамиле менен эмес, жөн эле жоромол, ойдон чыгарууга же ыгы жок эргүүлөргө алдырган жагдайлар менен коштолуп калып жатканын айта кетели. Бизде тажрыйбалуу илим-изилдөө институттарыбыз, компетентүү окумуштууларыбыз бар. Мындай жагымсыз учурларды тактоону биз алардын милдети катары жүктөп коюшубуз керек. Мындай кылбасак, учурда ар кимибиз түрдүү варианттарды сунуштай берип, башаламандыкты ого бетер күчөтүп жатабыз. Дагы бир көңүл бура турган жагдай, жаңы сөздөрдүн көбүн ошол кездеги билимдүү азаматтарыбыз киргизишкен. Азыркы учурда да ошондой көп жаңы сөздөр, терминдер кирип жатат. Бул – табигый көрүнүш. Себеби тилдин өзү тирүү организм, ал туулат, өнүгөт, жок болот. Бүгүн дүйнө жүзүндө ар бир улут өзүнүн өнүгүү жолун издеп жаткан маалы. Өнүгүү – бул бир багытты карай ишенимдүү жылуу деген сөз. Бир багытка алдыга жылуу үчүн эл өз жолун табышы керек. Эл өз жолун табышы үчүн басып өткөн тарыхын, өтмүшүн жакшы билиши зарыл. Ал үчүн кесипкөй тарыхчылар аны бизге туура жана так изилдеп жазып бериши шарт! Эгемен мамлекет болгонубузга отуз жылдан ашканы менен, дагы деле кыргыз элинин тили, тарыхы, маданияты, философиясы тиешелүү деңгээлде же жаңы шартта изилденип бүтө элек. Учурда демилгелүү илимий иштер гана изилденип, мамлекеттик буйрутмадагы илимий темалар дээрлик жазылбай калды. Ошондуктан, урматтуу окумуштуулар, илимий мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик органдар менен илим чөйрөсүндө биргелешип тыгыз иш алпарууну колго алыңыздар! Биз көптөгөн жагдайларды, коомчулуктун талаптарын эске алуу менен, Курултай институтун Баш мыйзамыбызга киргизип, аны аткара баштадык”, – деп айтылат Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.

Связанный пост