Бишкекте дзюдо боюнча балдар-өспүрүмдөр мектеби ачылды

Бишкекте Жаныбек Алыкулов атындагы дзюдо боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Төрага ачылыш аземинде жаңы курулган имарат мыкты спортчулар тарбияланып, тапталып чыккан куттуу спорттук жай болсун деген тилегин билдирди.

“Акыркы төрт жыл аралыгында президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги менен көптөгөн спорттук мекемелер салынып, сергек жашоо образын жайылтууга өзгөчө көңүл бурулууда. Натыйжада спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде ийгиликтерди жаратып, кызыл байрагыбызды желбиретип келишүүдө. Бул албетте башталышы гана. Жакынкы жылдары саламат коомду түптөөгө багытталган иштер өз жемишин берип, спорчуларыбыз журт намысын эл аралык мелдештерде татыктуу коргошот деген ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле жаңы курулган мектепке көрүнүктүү маданият ишмери Жаныбек Алыкуловдун ысымынын ыйгарылышы бекеринен эмес экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу залкар куудул чыгармачылыктан сырткары футбол, баскетбол жана шахмат оюндарынын чебери болгонун белгиледи. “Кыска өмүрүндө кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө гана кызмат кылбастан, кыргыз спортун дүйнөгө тааныта турган уулду да тарбиялап өстүргөн. Тагыраагы, Гүлжигит Алыкулов аттуу уулу футбол боюнча мыкты оюн көрсөтүп, эл аралык мелдештерде элибиздин намысын коргоп келет. Андыктан, аты ыйгарылган бул мектептен да кызыл байрагыбызды желбиреткен атактуу спортчулар чыгарына үмүтүбүз чоң”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар мектептин ичин көрүп, андагы жаш спортчулар менен жолугушкан Нурланбек Тургунбек уулу: “Спорт бул жеңиши таттуу болгону менен талыкпаган эмгекти жана сабырдуулукту талап кылган чоң иш. Ошондуктан түзүлгөн шарттарды жакшы пайдаланып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө бериңиздер. Биз сиздердей мыкты улан-кыздарыбыз менен сыймыктанып, жеңишиңиздерге гана күбө боло берели”, – деген тилегин айтты.

Андан соң төрага Нурланбек Тургунбек уулу Камчыбек Ташиев менен бирге мектептин алдына чынар теректин көчөттөрүн олтургузушту.

Связанный пост