Бишкекте дагы 8 бала бакча жана бир мектеп карантинге жабылды
Бишкекте дагы 8 бала бакча жана бир мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-декабрда 49 бала бакчада карантин аяктап, балдар мектепке чейинки билим алуусун улантууда.
Белгиленгендей, карантин учурунда ата-энелер балдарын эл көп чогулган жерлерге алып барбоого, алардын толук айыгып кетишин камсыз кылууга жана балдарды бала бакчага ден соолугу чың абалда алып келүүгө милдеттүү.
Эске салсак, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу 3-декабрда борбор калаада 25, ал эми Чүй облусунда 40 бала бакча карантинге жабылган. Ош облусунда 5 мектеп онлайн окутууга өткөн.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, билим берүү мекемелери Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көрсөтмөсүнө ылайык, министрликтин алдын ала макулдугусуз окутууну онлайн форматка өткөрө алат. Мектептер бул чечим тууралуу ведомствого билдирүүгө гана милдеттүү.
Учурда республика боюнча 207 мектеп аралыктан окутууга өттү, ал эми 214 бала бакча карантинге убактылуу жабылды.