Бишкекте Чүй проспекти кеңейтилүүдө

Акыркы убакта Бишкек шаарында унаалар көбөйгөндүгүнө байланыштуу, жол тыгындарын азайтуу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы унаа жолун кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Курулуш иштери №309, №311 үйлөрдүн алдында жүргүзүлүүдө, анын узундугу 85 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө туурасы 3 метр болгон кошумча тилкени салуу боюнча иштер аяктап, ирригация тутумдары жана бордюрлары орнотулду.

Асфальт төшөө алдында тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Чүй проспектисинде унаа жолун кеңейтүү боюнча иштер 2022-жылга карата титулдук тизмеде каралган.

Связанный пост