Бишкекте бюджеттин киреше бөлүгү 104%га ашык аткарылган

 Бишкекте бюджеттин киреше бөлүгү 104%га ашык аткарылган
Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларында штабдын жыйындары өттү.
Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Райым Жолдошов салык кызматынын жана жергиликтүү муниципалдык администрациянын өкүлдөрү менен биргеликте 3 маселени карады: жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жүрүшү, 4-топтогу мүлккө (транспорт), жер жана мүлккө салык төлөөнүн абалы жана дебитордук береселер талкууланды.
Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 3 млн 565,1 миң сомду түзгөн салык төлөмдөрү жана жыйымдары түшүп, план 3 млн 427,7 миң сом болсо, 137 млн 400 миң со м өлчөмүндө чогултулуп, план 104%га ашык аткарылган.
Берилген маалыматтардын негизинде райондун салык кызматына салык жыйымдардын бардык түрлөрүн чогултуу боюнча жигердүү иштерди улантуу жана 2023-жылдын аягына чейин салык жыйноо боюнча пландык көрсөткүчтөргө жетишүү тапшырылды.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине (ММБД) дебитордук береселерди жабуу үчүн жанаша жайгашкан жер тилкелеринин (ЖМБ) ээлерине жер салыгын төлөө, ижарага алынган батирлерди кыдыруу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Связанный пост