Бишкекте быйыл 120 чакырымга жакын жол оңдолду

 Бишкекте быйыл 120 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкек шаарында 2024-жылы 21,7 чакырым узундукта жолдорду оңдосок, бул жылы 120 чакырымга чейин жетти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мында тротуарлар жана шаардагы райондордун ички жолдору эсепке алынган эмес.

“Азыр бизде эң көп суроо-талаптардын баары жол маселеси боюнча болууда. Жолдорубузду жасап бергиле деп кайрылган жарандардын саны көп. Ирети, этабы менен оңдобосок, бир эле учурда бардык жолдордун барын жасаганга бизде мүмкүнчүлүк жок. Жаңы жол курган менен эски жолду оңдоонун эч айырмасы жок, тескерисинче эски жолдун кыйынчылыктары көп. Эски жолдор менен элдер жүрүп көнүп калышкандыктан, жолду тосууда тыгындар пайда болот. Бирок, ошого карабастан жолдорду оңдобосок кышында авария болсо анын баарын жарып чыгарып мындан да жаман абалга келебиз”,- дейт Жунушалиев.

Ал ошондой эле борбордогу Фрунзе көчөсүнүн оңдоо иштери бүткөнчө анын дарегине сындар айтылганына токтолду.

“Мисалы, борбордогу Фрунзе көчөсүн алсак, мени канча жолу сындашып, жол качан бүтөт деп сурап жатышты. Чынын айтсам, мына жакында бүтөбүз деген сайын күндөн-күнгө иш көбөйдү. Бир жерин жасаса, башкасы чыгат. Жолду жаап, оңдоп баштаганда үстүңкү катмарын алып, түздөп кайра салып коебуз дегенде эле суу түтүктөрү сына баштайт. Техника жүрүп баштаганда астындагы суу, канализация, жылуулук тармагынын түтүктөрүнүн баары чиригендиктен сынат. Фрунзе көчөсүндө 1974-жылда курулган түтүктөр алмаштырыла элек экен. Айла жоктон ошонун барын казып, толугу менен түтүктөрдү алмаштырылгандан кийин гана жолду жасоого киришебиз”,- деди мэр.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост