Бишкекте Борбор Азия жана Индияда коопсуздукту чыңдоо маселеси талкууланды

Бүгүн Бишкек шаарында Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусу өттү.

Бул көп тараптуу формат тынчтыктын жана туруктуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында кеңири аймактык өз ара аракеттенүүнүн уландысы болуп саналат, ошондой эле коопсуздуктун негизги маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтча катары кызмат кылат.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө бул жолугушуу үчүн абалды баалоодогу жана чөлкөмдүк жана улуттук коопсуздуктун абалына болгон чакырыктардын жана коркунучтардын таасиринин даражасындагы окшоштук эң баалуу экенин белгиледи.

Заманбап эл аралык саясий жагдайлар көп жагынан натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана жемиштүү кызматташуу үчүн негизги тоскоолдук болуп саналат. Ишенимдин кеңири жоголушу, санкциялык кысым жана геосаясий атаандаштык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жайлатат.

Буга жооп катары, коопсуздуктун жана туруктуулуктун бекем пайдубалында туруп, стратегиялык көз караш жана активдүү дипломатия экономикалык жана маданий байланыштарды тереңдетүү үчүн зарыл болгон куралдар болуп калышы мүмкүн.

Кызматташтык ар тараптуу мүнөздө болушу керек. Ал аскердик жана укук коргоо компоненттерин гана эмес, маданий өз ара аракеттенүүнү, гуманитардык алмашууларды, билим берүү программаларын кеңейтүүнү жана илим жана технология жаатындагы биргелешкен демилгелерди да камтышы зарыл.

Связанный пост