Бишкекте бир түндө айдоочулук күбөлүгү жок 50 айдоочу кармалды
Бир сутка ичинде Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 50 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-октябрдан тартып Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол эрежелерин бузуу учурларын алдын алуу максатында ири рейд жүргүзүлүүдө.
Рейд учурунда кызматкерлер жолду убактылуу тарытуу ыкмасын колдонуп, транспорт агымын натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузгандарды ыкчам аныктоого жетишүүдө.
Биринчи эле күнү жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуу фактылары катталды:
- 12 айдоочу — транспорт каражатын мас абалында башкарган;
- 18 айдоочу — ыйгарым укуктуу органдын уруксаты жок алдыңкы терезелерин тон кылган;
- 8 айдоочу — автоээнбаштык аракеттери менен жол эрежесин демонстративдүү бузган;
- 50 айдоочу — айдоочулук күбөлүгүнсүз унаа башкарган;
- 51 жөө жүргүнчү — жолдон туура эмес өткөн.
Мындан тышкары, ар кандай мыйзам бузуу себептери менен 324 унаа айып токтотуучу жайга коюлду.