Бишкекте банктык карталарды жана SIM-карталарды берген жаран кармалып, кылмыш иши козголду

 Бишкекте банктык карталарды жана SIM-карталарды берген жаран кармалып, кылмыш иши козголду

Бишкекте банктык карталарды жана SIM-карталарды берген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 11-августта Бишкек шаарындагы банктардын биринин ичинде алдамчылык жолу менен ишенимге кирип, USDT криптовалютасын сатуу шылтоосу менен 850 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу” беренеси боюнча биринчи кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө арыз ээси QR-код аркылуу 850 миң сомду телефон номерлердин бирине туташкан эсепке которгону, бул банк эсеби Ж.у.М. аттуу жаранга катталганы аныкталды.

Милиция банктык картасын интернет-банкингге жана мобилдик тиркемеге толук кирүү мүмкүнчүлүгү менен сый акыга белгисиз адамга берген 19 жаштагы дропер (алдамчылык схемаларга катышкан, уурдалган акчаны накталай алууга жардам берген адам) кармады.

Шектүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген. Учурда ага карата электрондук көзөмөл түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Тергөө уланууда.

ИИМ жарандарга банктык карталарды же SIM-карталарды үчүнчү жактарга берүү менен өздөрүн тобокелге салып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышарын эскертти.

Связанный пост