Бишкекте балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде балдарга карата зомбулукту алдын алуу жана бул багытта коомдук жоопкерчиликти жогорулатуу маселелерине арналган жыйын өткөрүлдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында министрдин орун басары Айнура Орозбаева балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу — бул мамлекеттин, коомдун жана ар бир үй-бүлөнүн биргелешкен жоопкерчилиги экенин белгиледи.

“Зомбулуктун алдын алуу — ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир бала сүйүүгө, камкордукка жана коргоого татыктуу. Балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн баарыбыз колубуздан келген аракетти көрүшүбүз керек”, — деди министрдин орун басары.

Жыйындын жүрүшүндө балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле кылууга каршы аракеттер талкууланып, зомбулуктун түрлөрү — психологиялык, физикалык, экономикалык жана сексуалдык зомбулук боюнча маселелер каралды. Өзгөчө көңүл өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алууга, балдар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрө түзүүгө, үй-бүлөдө зомбулуксуз тарбия берүү жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле баланын пикирин эске алууга бурулду.

Өлкөнүн аймактарында бул багыттагы иштер системалуу жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Ошондой эле жыйында үй-бүлөдөгү зомбулуктун деңгээлине таасир этүүчү социалдык-экономикалык факторлор жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралды.

Жыйындын соңунда ата-энелер балдардын жоопкерчилигин жана билимин жогорулатуу, балдардын социалдык адаптациясын камсыз кылуу жана алардын тарбияланышы үчүн коопсуз, жагымдуу чөйрө түзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Связанный пост