Бишкекте балдарга арналган президенттик балаты майрамы өттү
Бишкекте балдарга арналган президенттик балаты майрамы өттү. Майрамдык иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген кенже жана мектеп курагындагы балдар катышып, алар театрлаштырылган музыкалык спектаклге күбө болушту.
Балдарды келе жаткан жаңы жылы менен мамлекеттик катчы Арслан Койчиев куттуктап, жаңырган жылда аларга ийгиликтерди каалады.
Ал “президент силердин жаркын келечегиңер үчүн Японияда иш сапарда жүрөт” деп балдарга түшүндүрүп, анын балдарга жолдогон куттуктоосун окуду.
Белгилей кетсек, президенттин атынан өткөрүлүп жаткан бул балатыга – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, майыптыгы бар жана башка балдар чакырылган.