Бишкекте балдар укуктарын камсыз кылуу жана коргоо маселеси талкууланды

Кыргызстанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн комиссиясынын бешинчи отуруму болуп өттү.

Отурум Кыргызстандын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Отурумга балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин эксперттери жана коомдук ишмерлери катышты.

Күн тартибинде балдардын укуктарын камсыз кылууга жана коргоого тиешелүү 13 актуалдуу маселе каралды. Негизги темалардын арасында:

  • өспүрүмдөрдү каникул мезгилинде жумуш менен камсыз кылууну уюштуруу;
  • баланын үй-бүлөдө жашоо укугун камсыз кылуу жана альтернативдүү кам көрүү системасын өнүктүрүү;
  • балдарды эл аралык деңгээлде уурдоонун укуктук аспектилери;
  • психофизикалык өзгөчөлүктөрү бар балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде балдардын укуктарын ишке ашыруу;
  • сейрек кездешүүчү (орфандык) оорулары бар жашы жете электердин укуктарын коргоо.

Балдардын укуктары жана кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алуу процесстерине балдарды өздөрүн тартууга багытталган КМШнын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу комиссиясынын алдында Балдар кеңешин түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарышып, кийинки комиссиядагы төрагалык Беларусь комиссиясынын мүчөсүнө өткөрүп берилди.

Ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу аппараттарынын, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин кызматкерлерине Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу комиссиясынын Ардак грамотасын тапшыруу аземи болуп өттү.

Кошумчалай кетсек, мониторингдик миссиянын алкагында жыйындын катышуучулары КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Келечек” майып балдарды реабилитациялоо борборуна барышып, ал жерде жашоо шарттары, реабилитациялоо программалары жана оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар үчүн психологиялык-социалдык колдоо менен таанышышты.

Жыйын комиссиянын жаңы төрагасынын сөзү жана катышуучулардын корутунду сөздөрү менен аяктады, алар балдардын укуктарын коргоо жаатында аймактык кызматташуунун жана алдыңкы тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Связанный пост