Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери жүрүүдө

 Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери жүрүүдө
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чыңгыз Айтматов, Чүй, Манас, Жибек-Жолу проспектилериндеги, Жаш Гвардия бульвары, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр жана 7-апрель көчөлөрүндөгү аялдамаларда жууп-тазалоо жүргүзүштү. Жумушка 10 жумушчу жана 5 бирдик атайын техника тартылды.
Мындан тышкары ишкананын кызматкерлери графикке ылайык жолдорду жууп жатышат.

Связанный пост