Бишкекте атып өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча 2 милиция кызматкери кармалды
Үч баланын энесинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча эки милиция кызматкери кармалды. Бул трагедияга алып келген жаңы жагдайлар аныкталганын УКМКдан билдиришти.
Иш боюнча тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, бул өзгөчө оор кылмыштын жасалышына шарт түзгөн себептерге жана жагдайларга өзгөчө көңүл бурулду.
Тергөөдө аныкталгандай, каза болгон келиндин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген “Жогорку деңгээлдеги” тобокелдик менен берилген коргоо ордери болгон.
Бирок, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жооптуу участкалык инспектору Ж.Н. кызматтык милдеттерине кайдыгер карап, курмандыктын бир нече жолу кайрылганын этибарга албай, арыздануучунун жана анын балдарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча белгиленген чараларды көргөн эмес.
Андан тышкары, мыкаачылык менен киши өлтүрүү болгондон кийин, участкалык инспектор Ж.Н. өзүнүн кылмыштуу аракетсиздигин жашыруу максатында кылмышкердин жашаган жери боюнча текшерүү жүргүзүлгөн деген жалган актыларды мурунку дата менен жасап койгон.
Ошондой эле тергөөдө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору А.К. мыйзам ченемдерин одоно бузуп, айыпталуучуга травматикалык тапанчаны сактоого жана алып жүрүүгө мыйзамсыз түрдө уруксат берип жана аны узартып келгени аныкталган.
Ошол эле учурда киши өлтүрүү болгон учурда уруксаттын мөөнөтү бүтүп калган, бирок улук инспектор А.К. айыпталуучудан тапанчаны алып коюу боюнча эч кандай чара көргөн эмес.
2025-жылдын 29-декабрында УКМК тарабынан кызматтык кылмыштарды жасоо фактылары боюнча аталган милиция кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, ошол эле күнү алар кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылып, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан тергөө мезгилине карата баш коргоо чарасы тандалат.
Учурда тергөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы менен укук коргоо тутумунун бардык жооптуу кызматкерлеринин аракеттери кылдат изилденип, тийиштүү юридикалык баа берилет.