Бишкекте акыркы үч күндө жолдорго 501 тонна туз чачылды

 Бишкекте акыркы үч күндө жолдорго 501 тонна туз чачылды
«Тазалык» муниципалдык ишканасы борбордогу жолдорду тазалоо боюнча күчөтүлгөн иштерди улантууда, аны менен бирге түнкү нөөмөттөр жүргүзүлүүдө.
Ошентип, акыркы үч күндө жолдорго 501 тонна туз чачылды, анын 74 тоннасы тротуарларга кетти.
Көчөлөргө 39 атайын техника чыкты: МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч, 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору, 5 “УКМ-2500” универсалдуу коммуналдык унаа.
Аялдамалардан жана тротуарлардан карды тазалоого 649 тазалоочу, 116 жүктөөчү автомосамосвалдарга чыгышты.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардыктарды жол коопсуздугун сактоодо этият болууга жана кызматташууга чакырат.

Связанный пост