Бишкекте 93 миңден ашык көчөт отургузулат

 Бишкекте 93 миңден ашык көчөт отургузулат

Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндө мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда чынар дарагынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан жазгы өнөктүк башталгандан бери борбор калаада 6 миңге жакын жаңы дарак-бадал отургузулду. Ал эми былтыр отургузулган көчөттөрдүн 86%ы жакшы өсүп кеткен.

Калаа жетекчиси жаш көчөттөрдү сугаруу жана кам көрүү ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

“Жашыл көчөттөргө сапаттуу кам көрүү болгондо гана биздин аракеттерибиз натыйжалуу болот”, – деди ал.

Мэриядан белгилешкендей, учурда “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын питомнигинде 93 миң көчөт бар. Алардын ичинен 20 миң көчөт шаар аймагына отургузулат, калганы питомникте өстүрүлөт.

Связанный пост