Бишкекте 6 айда майыптыгы бар адамдарга карата жасалган 9 кылмыш иши козголду

 Бишкекте 6 айда майыптыгы бар адамдарга карата жасалган 9 кылмыш иши козголду

Бишкек шаарында 2025-жылдын алты айынын ичинде майыптыгы бар адамдарга карата жасалган 9 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, алардын ичинен 4 аялга, 4 эркекке, ал эми 1 жашы жете элек балага карата факты катталган .

Козголгон иштердин 5и сотко жөнөтүлүп, ал эми 4 иш боюнча айыпталуучулар аныкталбагандыктан өндүрүш токтотулган.

Кылмыштардын басымдуу бөлүгү Кылмыш-жаза кодексинин 154-, 155-, 205-, 206- жана 312-беренелерине ылайык катталган.

Прокуратура белгилегендей, майыптыгы бар адамдарга карата кылмыштуулук — адам укуктарына каршы олуттуу социалдык көйгөй болуп саналат. Аны жоюу үчүн мыйзамдык коргоо менен катар коомдук аң-сезимди, боорукердикти жана инклюзивдүүлүктү өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиленет.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар — жардамга муктаж эмес, мүмкүнчүлүккө муктаж адамдар. Аларга ошол мүмкүнчүлүктү берсек, коомубуз адилеттүүлүккө жана боорукердикке бай болот,” — деп айтылат маалыматта.

Связанный пост