Бишкекте 4 миң милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт

Бишкекке 12-13 мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен келет.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул күндөрү коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 4 миң милиция кызматкери тартылат. Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Ошондой эле шаардын айрым райондорунда маал-маалы менен унаа кыймылына чектөө киргизилет.
Бишкек ШИИББи шаар тургундарын жана конокторун мындай чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.