Бишкекте 300 миңден ашык жасалма доллар менен чет элдик жаран кармалды
Бишкекте 300 миңден ашык жасалма доллар менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жасалма акча жасоочулардын ишин аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында ыкчам иштер жүргүзүлдү.
Буга чейин бир нече жаран криптовалюта сатып алганы жатат деген маалыматтар таратылып, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алдамчылар жасалма акча менен төлөөгө аракет кылышат деген божомолдор болгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында кылмышка шектүү катары чет өлкөлүк 2001-жылы туулган С.И. аттуу жаранды кармашты.
Факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Шек жаратып кармалган жарандан 362 900 АКШ доллар өлчөмүндө жасалма акча каражаты табылып, алынган. Аталган жаран шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.