Бишкекте 25-сентябрдан тарта электробустар каттай баштайт

Бишкекте 25-сентябрдан тарта электробустар каттай баштайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, электробустар алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарда каттай баштайт.
Ал эми №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки апта ичи пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, №66 жана №33 каттамдары жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номердеги каттам мурдагы троллейбустун кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын башында Кытайдан 120 жаңы электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.