Бишкекте 1,6 млдн сомдук мектеп-комплексинин имараты мамлекетке кайтарылды
Бишкекте 1,6 млрд сомдук “З” жеке мектеп-комплексинин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлк объекттерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында аянты 2801 чарчы метр, жанаша аянты 1,29 га болгон, Бишкек шаарынын престиждүү районунда жайгашкан бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.
Аталган социалдык мүлк мурда “А” ААКтын балансында болуп, “З” жеке менчик мектеп-комплексине ижарага берилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы “А” ААКты менчиктештирүүдө башка объектилер менен бирге мамлекеттик ишкананын балансынан “мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын” шарттарын бузуу менен социалдык объект чыгарылгандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, КР президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37″Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгынын жана КР өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-сентябрындагы № 421 “Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун талаптары сакталган эмес, ага ылайык мектепке чейинки балдар мекемелерин массалык түрдө жабууга жана сатууга жол бербөө максатында социалдык инфраструктуранын объекттери уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүнө карабастан мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар менен мекемелер тарабынан ажыратылууга тийиш эмес.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “А” ААКтын акционерлери ыктыярдуу түрдө сметалык баасы 1 млрд 6 млн сомду түзгөн имаратты чектеш аймагы менен кошо мамлекетке акысыз өткөрүп беришти.
Белгилей кетсек, “З” билим берүү мекемеси КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен ижара келишиминин негизинде окутуучулар курамын сактап калуу менен өз ишин улантат.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.