Бишкекте 100 миң сом пара талап кылган салыкчылар кармалды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 100 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында топтолгон маалыматтардын негизинде 2-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Т.У.Х. жана бөлүмдүн башкы инспектору О.У.Ж. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, аталган кызмат адамдары кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан фискалдык жана башка органдардагы коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш-чаралар уланууда.