Бишкекте 10 айда миңден ашык трансформатор оңдолду

Бишкекте 10 айдын ичинде 1144 трансформатор оңдолду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылйык, бул аралыкта төмөнкүдөй капиталдык оңдоо иштери аткарылды:

  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 5 көмөк чордондун жабдуулары;
  • 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 214 трансформатордук көмөк чордондор(ТП);
  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 22,43 км электр аба чубалгылары (ЭБЛ);
  • 10–0,4 кВ чыңалуудагы 106,46 км электр аба чубалгылары.

Ошондой эле төмөнкүдөй кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү:

  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 37 көмөк чордондун жабдуулары;
  • 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 1144 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
  • 220-110/35 кВ чыңалуудагы 411,6 км электр аба чубалгылары;
  • 10-0,4 кВ чыңалуудагы 1381,6 км электр аба чубалгылары;
  • 10-0,4 кВ чыңалуудагы 606,3 км кабелдик аба чубалгылары.

Реконструкциялоо жана капиталдык курулуш планынын алкагында 10 ай ичинде:

  • 17132 «акылдуу» эсептегичтер орнотулду;
  • 71,296 км электр аба чубалгылары СИП-зымдар менен алмаштырылды;
  • 23,3 км кабелдик чубалгылар заманбап жаӊы кабелге алмаштырылды;
  • 4,473 км электр аба чубалгылары СИП-3 зымдар мене тартылды;
  • 3,590 км жаӊы кабелдик чубалгылар курулду;
  • 29 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды.

Белгилей кетсек, бул иштер керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана мүмкүн болгон авариялык абалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Связанный пост