Бишкекте №153 экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады

 Бишкекте №153 экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады

Бишкек шаарында бүгүн, 17-октябрдан тарта №153 Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады.
Мэриядан билдиришкендей, бул чечим “Жол кеңеши – 2025” алкагында кабыл алынган.

Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00.

Эскерте кетсек, автобустар экспресс болгондуктан, токтоочу жайлар так аныкталган. Белгиленбеген жерде токтоо — жол эрежесин бузуу катары эсептелет.

Связанный пост