Бишкекте үч саатта айдоочуларга 465 миң сом айып салынды

 Бишкекте үч саатта айдоочуларга 465 миң сом айып салынды

Бишкекте үч сааттын ичинде айдоочуларга 465 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таң эрте Лев Толстой жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгынын жөнгө салуу учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 31 айдоочу одоно түрдө жол эрежесин бузганы аныкталды.

Алардын баары каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин бузушкан. Ар бирине тиешелүү протоколдор түзүлүп, жалпы салынган айыптын суммасы 465 миң сомду түздү.

Бул иштердин бардыгы болжол менен үч сааттын ичинде жүргүзүлдү.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларга жол эрежелерин сактоону эскертип, жолдогу коопсуздук башка адамдарга да түздөн-түз таасир тийгизерин белгилейт.

Связанный пост