Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

 Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 36 жаштагы К.к.А. аттуу айым 2-январда операция жолу менен үч кызды жарык дүйнөгө алып келген.

Ымыркайлардын салмагы – 2080 кг, 2340 кг, 2140 кг.

Наристелердин жана апасынын абалы туруктуу, алар учурда кам көрүүнүн экинчи этабында.

“Кыздардын апасы перинаталдык борборго 2023-жылдын 28-декабрында келип түшкөн. Анда эрте көз жаруу жана анемия коркунучу бар болчу”, – деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Связанный пост