Бишкекте үч эм төрөлдү
![Бишкекте үч эм төрөлдү](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/09/fb_img_1695109571784-850x560.jpg)
Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда 2023-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь районунун 34 жаштагы тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөдү. Бул анын 5-төрөтү. Наристелер 3кг 300г, 3кг 660г, 3кг 445г салмакта төрөлгөн.
«Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз», – деди Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова.