“Бишкексууканал” карызы көп абоненттердин суусун өчүрдү

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир нече жылдан бери таза суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарын пайдаланып, бирок акысын төлөбөй келген бир катар абоненттерди өчүрүштү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эң көп карыз борбордун Свердлов, Биринчи май жана Ленин райондорунда катталып, карыздын көлөмү он миңдеген сомго жеткен.

Мисалы, борбордун Свердлов районунда ири карыздар катталган:

– 43 093 сом (2012-жылдан бери карыз);

– 15 584 сом;

– 14 061 сом;

– 13 278 сом;

– 11 312 сом.

Биринчи Май районунда:

– 24 872 сом (2022-жылдан бери карыз);

– 17 749 сом (2022-жылдан бери карыз);

– 10 182 сом (2022-жылдан бери карыз);

– 9 088 сом (2023-жылдан бери карыз);

– 14 757 сом (2022-жылдан бери карыз).

Ленин району боюнча:

– 16 900 сом (2022-жылдан бери карыз);

– 15 000 сом (2021-жылдан бери карыз);

– 11 897 сом (2022-жылдан бери карыз);

– 10 000 сом (2023-жылдан бери карыз);

– 10082 сом (2023-жылдан бери карыз).

Муниципалитет белгилегендей, мындай карыздар ишканага олуттуу финансылык кыйынчылыктарды жаратып, шаардын таза суу менен камсыздоо инфраструктурасын өз убагында оңдоого, модернизациялоого жана өнүктүрүүгө тоскоол болууда.

Муздак сууга жана саркынды сууларга тариф:

1 м³ суу – 10,45 сом;

1 м³ саркынды суу – 3,45 сом.

Белгилей кетсек, эсептегич жок болсо, анда эсеп бир адамга 350 литр суу керектөө нормасына негизделген.

“Бишкексууканал” ишканасы бардык абоненттерди таза суу менен камсыздоо кызматын өз убагында төлөп, карызды чогултпоого чакырат.

«Эгер төлөнбөсө, ишкана учурдагы эрежелерге ылайык сууну өчүрүүгө аргасыз болот», – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост