Бишкекке Кытайдан 95 жаңы автобус келди
Бишкекке 95 жаңы автобус алынып келди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Белгиленгендей, Кытайдан Бишкек шаарына жеткирилген 95 жаңы автобус толугу менен ДЕПО-1дин аймагына жайгаштырылды.
Ар бир автобустун узундугу 12 метрди түзүп, үч эшик менен жабдылган. Жай мезгилинде кондиционерлер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт.