“Бишкекгаз” ишканасы абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштерин мөөнөтүнөн мурда аяктады

 “Бишкекгаз” ишканасы абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштерин мөөнөтүнөн мурда аяктады

“Бишкекгаз” ишканасы абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштерин мөөнөтүнөн мурда аяктады. Фрунзе көчөсүндөгү абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштери 4-этапта өткөрүлдү.

«Бишкекгаз», «Чуйгаз» жана «Севертрансгаз» газ кызматтарынын кызматкерлеринин тез жана эффективдүү ишинин аркасында бардык этаптар белгиленген мөөнөттөн мурда бүткөрүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 5-июлуна карата 95% абонентке, тактап айтканда Московский көч. – Жибек Жолу пр., Осмонкул көч- Жаш Гвардия булвары менен чектелген аймакта жайгашкан 18500 абонентке газ берүү ийгиликтүү аяктады.

Фрунзе көчөсүндөгү абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра кошуу борбор калаанын газ бөлүштүрүүчү инфраструктурасын жаңылоо боюнча жалпы иш чараларынын бир бөлүгү болуп саналат. Совет доорунда тартылган орто басымдагы жер астындагы газ түтүгү 40 жылдан ашык иштеп, дээрлик эскилиги жеткен. Ошондуктан мындан мурда 5,9 км узундуктагы жаңы газ түтүгү тартылып, ага аткарылган иштердин алкагында 16 газ контролдоочу шкаф кайра кошулган.

“Бишкекгаз” газ кызматы райондун тургундарына газ берүү убактылуу үзгүлтүккө учураган учурда түшүнүү менен кызматташкандыктары үчүн ыраазычылык билдирет. Азыр бул аймакта жаратылыш газын берүү толук кандуу калыбына келтирилди, жаңы газ түтүктөрү абоненттердин үйлөрүн ишенимдүү жана коопсуз газ менен камсыз кылат.

Связанный пост