Бишкек ЖЭБинде оңдоо иштери жүрүүдө

 Бишкек ЖЭБинде оңдоо иштери жүрүүдө

ишкек ЖЭБинде алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өнөктүктүн башкы максаты — кышта калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.

Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары менен курулмалары жаңыланууда.

Бекитилген графикке ылайык, №12, №14, №23 жана №16 отказандары оңдоодон өткөрүлүүдө.

Турбиналык агрегаттар боюнча да жумуштар жанданып, №5, №8, №9, №10 жана №11 турбиналар оңдоого алынган.

Ал эми 2025-жылы башталган №7 турбиналык агрегатты капиталдык оңдоо иштери ушул жылы толугу менен аяктайт. Муну менен катар №3 жана №4 энергетикалык блоктору да иретке келтирилип жатат.

Связанный пост