Бишкек жана “Манас” эл аралык аэропортун бириктирген автомобиль жолу пилоттук режимде Бишкек шаардык мэриясынын карамагына өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Бишкек шаарын жана «Манас» эл аралык аэропортун бириктирген автомобиль жолун Бишкек шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Бул токтомдун максаты Бишкек шаарын жана «Манас» эл аралык аэропортун бириктирген автомобиль жолун башкаруунун натыйжалуугун жогорулатуу жана аны Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүп берүү үчүн укуктук негиздерди түзүү менен бул жолдо жүргөн Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү.
Бишкек шаарынын аймагында чет өлкөлүк мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда бир катар маанилүү иш-чараларды, анын ичинде 2026-жылы Шанхай кызматташтыгы уюмунун саммитин өткөрүү пландалууда, ошондуктан каралып жаткан автомобиль жолун жана Бишкек шаарынын аймагын чет өлкөлүк мамлекеттердин делегацияларын кабыл алууга даярдоо боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу талап кылынат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигинин автомобиль жолун башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына пилоттук режимде өткөрүлүп берилди.
Пилоттук режимдин мөөнөтү эки жылды түзөт.