Бишкек жана Чүйдө жолдорго чектөө киргизилет

 Бишкек жана Чүйдө жолдорго чектөө киргизилет

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Чектөөлөр 21-22-август күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына байланыштуу киргизилүүдө.

Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкери тартылат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.

Делегациянын кортежи өткөн учурларда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет:

  • “Манас” аэропортунан мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин;
  • ошондой эле Тоголок Молдо көчөсү.

Связанный пост