Бишкек жана Чүйдө жасалма алкоголдук продукция өндүргөндөр аныкталды

Бишкек жана Чүй облусунда жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу боюнча фактылар аныкталды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей иешелүү лицензиясы жок спирттик продукцияны өндүрүү жана сатуу ишмердүүлүгүнө катышкан бир нече жашыруун цехтер табылган. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (мыйзамсыз алкоголдук продукция өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Тинтүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкү мыйзам бузуу учурлары катталды:

  • Бишкекте 1973-жылы туулган жаранга таандык цехтен 460 бөтөлкө даяр продукция жана өндүрүш жабдуулары табылган;
  • 1993-жылы туулган жарандын үйүнөн арак куюлган ондогон кутулар, аппараттар жана акциздик маркалар алынган;
  • Көк-Жар айылында 1953-жылы туулган жарандын үйүнөн 200 литрлик 31 бочка жана даяр шарап табылган;
  • Бишкектеги башка даректен 196 бош бөтөлкө табылган.

Жалпысынан 10 тоннадан ашык жасалма алкоголдук продукция жана спирттик аралашмалар, колго жасалган жабдуулар, көп сандагы акциздик маркалар мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

ИИМ мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштерди улантууда.

Связанный пост