Бишкек: Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 4 тонна таштанды чыгарылды
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы жыл майрамына карата “Ала Тоо” аянтындагы өткөрүлгөн майрамдык иш-чарадан кийин 4 тонна таштанды чыгарды.
Ишкананын 60 кызматкери, 6 атайын техникасы иш алып барды.
Өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда кишинин саны 15 000дин айланасында чогулган жана 1 тоннага аз таштанды чыккан.
Борбордук Ала-Тоо аянтынан аз таштанды чыгарылып жатканы Кыргызстандын борборунда массалык иш-чараларды өткөрүү маданиятынын жогорулаганынан кабар берет, Бишкектин тургундары коомдук жайларда өз шаарына кылдат мамиле жасап, тазалыкты көрсөтө башташты.
Ишкана тарабынан тазалыкты сактоого салымын кошкон, маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн шаар тургундарына жана конокторуна ыраазычылык билдиребиз.