Бишкек жаңы аймактарды өнүктүрүүгө инвестиция салууда

Бишкек жаңы аймактарды өнүктүрүүгө инвестиция салууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы Бишкек шаары административдик-аймактык реформанын алкагында борборго кошулган жаңы аймактарды өнүктүрүүгө олуттуу кадамдарды жасоодо. Бул максатта шаардык бюджеттен 600 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, каражат төмөнкү тармактарга багытталууда:
Быйылкы жылга карата административдик-аймактык реформанын алкагында Титулдук курулуш тизмеси төмөнкүлөрдү камтыйт:
- 6 социалдык объектти куруу жана 7 долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- «Орок» мектепке чейинки билим берүү имаратын капиталдык оңдоо;
- 7 мамлекеттик инфраструктура объектилерин куруу (электр менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация) жана 24 долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү.
Жол тармагында:
- Жалпы узундугу 12,16 км болгон 18 көчөнү оңдоого 157,7 млн сом бөлүнгөн;
- Жол белгилери жаңыланууда;
- Жашоочулар мектептерге, ооруканаларга жана социалдык объектилерге ыңгайлуу жеткиликтүү.
Коопсуздукту жана ыңгайлуулукту жогорулатуу үчүн дээрлик 49 миллион сомго 2078 жарык берүүчү түйүн орнотулду.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңеши борбордун жана муниципалдык аймактык башкармалыктар тейлеген аймактардын жаңы административдик чек араларын бекитти. Эки жаңы МАБ түзүлүп, штаттык курам кошумча кызматкерлер менен толукталды.
Бул чаралар Бишкек шаарынын жаңы аймактарындагы инфраструктураны тез арада өнүктүрүүгө, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.