Бишкек тургундарынын 41%ы жеке унаасы жана такси менен жүрөт

Бишкек шаарынын башкы планынын алкагында шаар тургундарынын транспорттук жүрүм-турумуна социологиялык изилдөө жүргүзүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, изилдөөнүн максаты – Бишкектин жана анын четиндеги конуштардын жашоочуларынын шаар ичиндеги каттамдарын жана анын өзгөчөлүктөрүн аныктоо.
Изилдөөнүн жыйынтыгында шаар тургундарынын 41% жеке транспортту (унаа же такси) эң көп колдонору белгилүү болду. Бул көрсөткүч жеке унаалардын популярдуулугу жогору экенин көрсөтөт.
Ошол эле учурда, шаардыктардын 38%ы коомдук транспортту тандаса, 21%ы жөө, велосипед же самокат менен жүрүүнү артык көрүшөт.
Изилдөө ошондой эле жашоочулардын негизги каттамдарын жана алардын максаттарын аныктады. Бишкектиктердин эң популярдуу багыты – шаардын борбору, ал жерде жумушка же башка максаттар үчүн багыт алышат. Экинчи орунда Ленин району турат.
Мындан сырткары, Ленин жана Октябрь райондорунун тургундары башка райондорго баарынан көп каттай турганы аныкталды. Бул көрүнүш турак жай курулуштары менен жумуш, окуу жана эс алуу жайларынын жайгашуусундагы дисбаланстын бар экенинен кабар берет.
Бул изилдөөнүн жыйынтыктары натыйжалуу жана тең салмактуу шаардык транспорт системасын долбоорлоо, ошондой эле коомдук транспорт кызматтарын жакшыртуу үчүн негиз болот.