Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газ өчүрүлөт

 Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газ өчүрүлөт

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы 17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев – Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт.

Ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Связанный пост