Бишкек шаарынын 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда

 Бишкек шаарынын 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылга программасын жана 2026-2027-жылдарга болжолун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун 1-отуруму болуп өттү.

 

Отурумда жумушчу топ программанын түзүмүн жана программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун Иш-аракеттер планын бекитти.

 

Программа Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык иштелип чыгат.

 

Эскерте кетсек, бул программа Бишкек шаарынын мэриясынын фискалдык саясатынын борборду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу максаттарына жетүү үчүн иш-чараларды ишке ашыруу боюнча негизги багыттарын аныктайт.

Связанный пост