Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдуулар келет

 Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдуулар келет

Бүгүн, 1-августта Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров         Э. Акрамов атындагы Чүй облустук бириктирилген ооруканасында болуп, бейтапкананын техникалык абалы менен таанышты.

Депутат аталган мекемеде Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана Японядан келген медициналык консультанттар менен жолугушуу өткөрдү. Анда буга чейин кол коюлган меморандумдун алкагында 7,5 млн долларга саламаттык сактоо тармагына заманбап диагностикалык жабдууларды гранттык негизде берүү тууралуу сөз болду. Маалым болгондой, Япониядан келген адистер Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапкананы кыдырып, зарыл болгон медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп чыгышкан. Заманбап жабдуулар толугу менен 2024-жылдын аягы, 2025-жылдын башында келиши күтүлүүдө.

Өз кезегинде эл өкүлү Талайбек Масабиров JICA агенттигине жана аталган өлкөдөн келген медицина тармагы боюнча адистерге ыраазычылыгын билдирип, алдыда дагы бир топ долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатын айтты.

Ал эми Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки калк үчүн маанилүү болгон гранттык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бөлүп, көмөк көрсөтүп жаткан Талайбек Масабировго ыраазычылыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда депутат Япониялык коноктор менен биргеликте Чүй облустук оорукананын аты ыйгарылган профессор Эрнст Акрамов менен баарлашты.

Связанный пост