Бишкек шаарындагы №18 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу быйыл аяктайт

 Бишкек шаарындагы №18 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу быйыл аяктайт
Бишкек шаарындагы №18 мектебинин 225 окуучулук орунга эсептелген жаңы окуу корпусунун курулушу 2023-жылы бүткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Азыркы учурда төмөнкүлөр аткарылды: чатыры – 100%, жылытуу системасы – 100%, сырткы жасалгасы – 100%, ички жасалгасы – 100%, ички инженердик тармактары – 95%, полу-100%.
Бүгүнкү күндө тышкы жылуулук тармактарын орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.Объекттин жалпы аянты 1544.04 м2 түзөт. Курулуш аянты 910.01 м2 түзөт. Окуу имараты 2 кабаттуу эки блоктон турат.

Связанный пост