“Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталары ратификацияланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган Гранттык макулдашуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган.
Саламаттык сактоо системасындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшырышы материалдык-техникалык базанын деңгээли, инфраструктуранын өнүгүшү жана саламаттык сактоо секторундагы заманбап жабдуулардын болушу менен тыгыз байланышта болгондуктан, япон тарабынан Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды өркүндөтүү үчүн 1 500 000 000 иен (бир миллиард беш жүз миллион) өлчөмүндө грант берилет.