Бишкек шаарында ички иштер бөлүктөрүнүн майрамдык саптык кароосу өттү

2023-жылдын 1-ноябрында  эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти.Өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы генерал-лейтенанты Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.

Бүгүн, 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерин куттуктап, алардын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү орду чоң экенин белгиледи.

Ал өз сөзүндө ички иштер органдарынын өздүк курамын, ардагерлерин жана бардык кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Ушул күн – мыйзамды, тартипти коргогон, мекендештерибизди кылмыштуу кол салуулардан сактаган кайратман жана эр жүрөк адамдардын баа-баркын ашырчу, урматтоочу күн. Сиздердин кесип – мамлекетибиздин тарыхындагы эң маанилүү жана кадыр-барктуу кесиптердин бири.

Милиция аткара турган милдеттер өзгөчө экендиги айныгыс. Жарандардын коопсуздугу гана эмес, Кыргызстаныбыздын мамлекеттик түзүлүшү, экономикалык туруктуулугу, укуктук негиздеринин бекемдиги силердин иш-аракеттерге түздөн-түз көз каранды экендиги талашсыз. Азыркы муундагы кызматкерлердин эмне деген гана мыйзам бузуулар менен элдешкис күрөш жүргүзүп из калтырган жана азыркы учурда жаштарды мекенчилдик сезимге тарбиялоого катышып келе жаткан ардагерлер түптөп кеткен каада-салттарды сактап, арттырып келе жаткандыгы зор мааниге ээ.  Сиздер абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү ишке – жарандардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомдук тартипти, коопсуздукту коргоого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз өмүрүӊөрдү арнадыӊар. Милиция кызматында кызмат өтөө – иш жүзүндө кыйын, ары кооптуу, ошол эле учурда сыймыктуу иш. Сиздер өз милдетиӊерди мамлекет алдында, жарандарыбыздын алдында татыктуу жана бийик деӊгээлде аткарып келесиздер. Мекендештерибиздин өмүрү, тагдыры сиздердин ыкчам иш-аракетиӊерге жана кесипкөйлүгүңөргө байланыштуу. Бүгүнкү күндө, замандын талаптарына жараша коомчулуктун тынч жашоосун камсыздап, ички иштер органдарынын дараметин эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн күнү-түнү талыкпаган аракеттер жүрүп жаткандыгын билип турабыз.Коомубуздун коопсуздугу үчүн, урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин түздөн-түз колдоосун көрүп жатасыздар.

Милициянын тарыхын түптөп, калкыбыздын коопсуз жашоосун камсыздоо боюнча ардактуу ардагерлердин зор салымдарын белгилеп кетким келет.Көптөгөн ардагерлер калк арасында орун алган окуяларды жана ар түрдүү кырдаалдарды жөнгө салууга, жаш кызматкерлерге акыл-насаат айтып, үлгү болуп, жаңы жана бийик максаттарга жетүүгө талыкпастан жардам берип келишүүдө.Ушул салтанаттуу майрам күнү сиздерге – өздүк курамга, ардагерлерге, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш, ынтымак, береке каалайм! Коломтоӊордон от өчпөй, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, кубаныч, береке уяласын.Мамлекетибизге, Кыргыз элибизге кылган ак кызматыныздар үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Камчыбек Ташиев.

Бул гарнизондук саптык кароодо өздүк курамдын көңүлү кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга сылык мамиле жасоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга, кызматтык тартипти чыңдоого бурулду.Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады.

Связанный пост