Бишкек шаарында эко полиция түзүү маселеси каралды

Министр М.Тургунбаевдин төрагалыгы алдында министрликте Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйыны болуп өттү. Ведомстволор аралык комиссияга ыш маселесин мене ниш алып барган ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.

 

Комиссиянын ишине токтолуп жатып, министр түтүндүн көйгөйүн чечүү маселеси өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турганын, ошондуктан аткарылган иштин ыкчамдыгы жана сапаты биринчи биздин комиссиянын башкы милдети экенин М.Тургунбаев баса белгиледи.

 

Жыйындын жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан Бишкек шаарынын шаар четиндеги конуштарын газдаштыруу, Бишкек шаарынын ЖЭБинин 15 от казанын газга өткөрүү жана коомдук ден соолукту чыңдоочу борборлорду, мончолорду жана жеке секторлорду текшерүү жөнүндө пунктту киргизүү сунушталды. Мындан тышкары, ыш менен күрөшүү боюнча жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында эко полиция түзүү маселеси каралды. Өткөрүлгөн отурумдардын жыйынтыгы боюнча министрлик жана ведомство тарабынан 2023–жылдын 27-июнуна чейинки мөөнөткө өзүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү бардык зарыл маалыматтарды берүүнү жана ведомстволор аралык комиссиянын ишин активдүү алып барууга чакырды.

Связанный пост